УКМК 81 кг баңги затын жок кылды (видео)

919

Улуттук коопсуздук комитети 81 кг баңги затын жок кылды. Соңку беш жылда өлкө аймагында 1,5 тонна маң заты колго түшүрүлгөн. Мунун баары Афганистанда өндүрүлүп, Кыргызстан аркылуу Россия, Чыгыш Европага ташылып бараткан. УКМК өкүлдөрүнүн айтымында, транзиттик жол менен ташылып жаткан баңги затынын көлөмү азаюуда. Бирок ошол эле маалда синтетикалык маң заттардын жаңы түрлөрү чыгууда.

Серепчилер так ушул синтетикалык баңги заты өтө кооптуу болуп жатканын белгилешет. Ошондой эле, даярдоо, сатуу, жеткирүү заманбап техниканын, интернеттин жардамы менен ишке ашырылып, алдын алуу иштери оорлошконун билдиришти. Мындан улам, тиешелүү кызматтар дагы иш алып баруу ыкмасын жакынкы аралыкта жаңылоосу зарыл, дешет адистер.