УКМК айдоочулардан акча алган инспекторлорду текшере баштады (видео)

1369

УКМК Кыргызстандагы бардык чек ара бекеттеринде иштеген инспекторлорду текшере баштады. Мындай маалымат менен Чүй областтык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери болушту.

Эске салсак, өткөн аптада Коррупцияга каршы күрөш кызматы Чүй областынын айрым тескөөчүлөрү “Ак-Тилек” пункту аркылуу өткөн оор жүк ташуучу унаанын айдоочуларынан жол коопсуздук эрежелерин бузду деген шылтоо менен 500 сомдон 5000 сомго чейин алып турушканын аныктаган. Атайын кызмат коррупциялык схемага тийиштиги бар делген 3 инспекторду жана бир жетекчини колго түшүргөн болчу.