УКМК: Албек Ибраимовго суракка келүү тууралуу чакыруу кагазы берилген

837

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго суракка келүү тууралуу чакыруу кагазы берилген. Азыркы убакта ал келе элек. Чекисттер мэрдин суракка келишин күтүп жатышат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Эске сала кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңеши кезексиз сессиясында Ибраимовго ишеним көрсөткөн эмес. Эми депутаттардын чечимин премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев жактырса, Албек Ибраимов иштен алынат. Ал эми Ибраимов озу болсо, сессияга келген эмес. Мэриянын басма сөз кызматы ал 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдаган.

Белгилей кетчү нерсе, Ибраимов буга чейин УКМКага келип, сурак берип чыккан. Бишкек шаарынын мэри «Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга жол берген деп шек саналып жатат. 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.