УКМК Алина Шаиковага издөө жарыялады

663

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Шаикова суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келбей койгон.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура Алина Шаиковага карата «Коррупция» беренеси боюнча кылмышка шектүү деген билдирмесин жөнөтүп, ага издөө жарыяланды. Аны ишке ашыруу УКМКнын ыкчам бөлүмүнө тапшырылды.

Буга чейин эле Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы 5-августка чейин УКМКга сурак берүүгө келбесе ага издөө жарыяланары эскертилген. Атайын кызматтын башкы тергөө башкармалыгы мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнө, «Инфоком» ишканасына, Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлерине «жаңы үлгүдөгү паспортторду берүүдө коррупцияга барган» деп кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул иште Алина Шаикова кылмыш ишинин фигуранты катары чакырылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.