УКМК: Азимкан Жусубалиевдин иши прокуратурага өткөрүлдү

555

Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин пара менен кармалганы боюнча тергөө аяктап, иш прокуратурага өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК маалымдады. Өткөн жылдын декабрь айында Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган эле.

Андан көп өтпөй эле ошол кездеги Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Атайын кызмат берген маалыматка ылайык, министрдин орун басары Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун курууда тендерге катышкан чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн жалпысынан 520 миң доллар талап кылган деп шектелүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.