УКМК Бакиевди мактап көрсөткөн телеканалдарга эскертүү берди

712

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы качкын президент Курманбек Бакиевди жактаган тасмаларды көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди.

Мекеме тараткан билдирүүдө “Мындай маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу УКМК авторлорго коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет” деп айтылган. Ошону менен катар эле УКМК «Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурда козголгон кылмыш иштери боюнча Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгонун» белгиледи.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, азыркы убакта айыпталуучулар изделүүдө. Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

30-июлда НьюТВ жана НурТВ телеканалдарында Бакиевди жактап, 1-августта боло турган туулган күнүн куттуктаган тасмалар көрсөтүлдү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.