УКМК бензин саткан мафиянын изине түштү (видео)

2663

Күйүүчү майга болгон баа кайрадан Монополияга каршы жөнгө салуу агентиги тарабынан көзөмөлдөнө башташы мүмкүн. Бул тууралуу аталган агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди. Мыйзам долбоору министрлер кабинетине макулдашууга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери күйүүчү май 65 пайызга кымбаттап кеткен. Жакында эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызмат өлкөдө солярка-бензиндин баасын атайылап жогорулаткан мафиянын изине түшкөнүн ачыктаган. Алардын эсеби боюнча, азыр күйүүчү май 50 сомго жетпеген наркта сатылышы керек болчу экен.