УКМК: Бишкекте эл аралык террордук топтун мүчөсү колго түшүрүлдү

833

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери эл аралык террордук топтун мүчөсүн колго түшүрүштү.

28 жаштагы жарандын жанынан Сириядагы согушка активдүү катышкан адамдын атына  Кыргызстанда даярдалган жасалма паспорт табылган.

Кылмышка шектүү чет өлкөдөгү террорчуларга колдоо көрсөтүп, каржылоо жаатында иш алып барган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал ушул кезге чейин Сирияга 100 миң доллардай жөнөткөн. Кармалган адамга карата үч берене менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.