УКМК: «Бишкекжарык» ишканасы бюджетке 8 млн сомдук зыян келтирген

681

Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлери бюджетке 8 миллион сомдук зыян келтиргени аныкталды. УКМКдан кабарлашкандай, 2016-жылы муниципалитет менен «Бишкекжарык» ишканасынын жетекчилиги шаарды жаңы жылга карата кооздоо үчүн мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын одоно бузуп, эч кандай конкурс өткөрбөстөн, алдын-ала эле жеңүүчүнү аныктап, «GrandPRO» компаниясы менен 16 миллион сомдук келишим түзүшөт.

Ага кошумча, «Бишкекжарык» ишканасынын кызматкерлери жасаган жумушту жеке фирма аткарды деп, кошумча дагы 2 миллион сом мыйзамсыз которулат. Ошондой эле, документте Бишкекти жасалгалоо үчүн алынган жабдыктарга жана башка материалдарга 13 миллион сом коротулганы көрсөтүлөт.

Бирок компаниянын бажы декларациясын текшерүү учурунда, колдонулган материалдардын чыныгы баасы 7 миллион сом болуп чыгат. Мындай жол менен товардын наркы 6 миллион сомго ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталган.

Бул фактыга байланыштуу мэрия менен «Бишкекжарык» ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата «Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим түзгөн», «кызматын аша чаап пайдаланган» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.