УКМК “Дастан” ишканасындагы мыйзам бузуулар боюнча иш козгоду

1505

Улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы “Дастан” ишканасындагы мыйзам бузуулар боюнча «кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

УКМК кабарлагандай, 2012-жылдын январь айында “Дастан” ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен “Дастан Инжиниринг” жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Асылгул Сасыбаева — жалпы суммасы 533 миң 760 долларга 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, аларды жеткирүү тууралуу келишим түзгөн. Ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 доллар деп көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда, “Дастан Инжиниринг” мекемеси Украинанын мамлекеттик компаниясы менен да келишим түзүп, ал буюмдардын партиясын 14 миң 400 долларга сатып алган. Ортодогу айырма 470 миң доллардан ашып, муну менен “Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.