УКМК эл аралык террордук топтун дагы бир мүчөсү кармалганын кабарлады

979

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эл аралык террордук топтун дагы бир мүчөсү кармалганын кабарлады. Атайын операциянын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн шектүү 31 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну. Ал 2015-жылдан бери террордук топко мүчө экени жана Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келгени аныкталган.

Шектүү адам Кыргызстанда теракт уюштурууну, экстремисттик идеяларды жайылтууну көздөп жүргөн деп айтылат маалыматта. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.

Эске салсак, буга чейин да атайын кызмат ушундай эле негизде бир канча жаранды колго түшүргөн. Расмий маалыматтарга караганда, Сирия жана Ирактагы диний радикал топтордун катарына кошулуп кеткен кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат. Алардын жарымы аялдар менен балдар.