УКМК: Эл аралык террордук уюмдун 9 мүчөсү кармалды

989

Чүй областынын аймагында жашыруун иш жүргүзгөн эл аралык террордук уюмдун 9 мүчөсү кармалды. Улуттук коопсуздук комитети маалымдагандай, кармалгандардын бешөө чет элдик жаран болсо, төрт шектүү — кыргызстандыктар.

Алар 2017-жылдан бери Сирия менен Афганистандагы террордук уюмга жарандарды тартуу жана аларды даярдоо менен алектенип келишкен. Ошондой эле алар Кыргызстанда ок атуучу жана жарылуучу заттарды колдонуу менен диверсиялык аракеттерди жасоого камынышкан.

Кармалган чет элдиктер өз өлкөлөрүндө террордук аракеттер үчүн издөөгө жарыяланганы аныкталды. УКМКнын тергөөчүлөрү козголгон кылмыш ишинин алкагында иликтөө иштерин улантып, тиешелүү чет мамлекеттердин атайын органдары менен кызматташууда.