УКМК: Финполчу 5000$ пара менен кармалды (видео)

870

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалды. Бул тууралуу УКМКнун расмий өкүлү билдирди. Эскерте кетсек, 16-мартта атайын ыкчам аракеттердин натыйжасында, Коопсуздук комитети Финполициясынын ыкчам кызматкерин кытай жаранынан пара алып жатканда кармады. Кылмышка шектүү кызматкер козголгон ишти жабуу үчүн ишкерден 15 миң доллар талап кылган.