УКМК: Икрамжан Илмияновдун иши боюнча жаңы жагдайлар

710

Улуттук коопсуздук комитети Икрамжан Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын кабарлады. Мекеменин атайын өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, шопуру тергөө менен активдүү кызматташууда.
Маалыматтарда айтылган акча каражаты берилгени жана ал кайсы жакка коротулганы боюнча бардык жагдайлар аныкталып жатат.
Ошондой эле, тергөөдө Илмиянов акчаны алганы далилденгени айтылат. Он күн мурда Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы Илмиянов Россияда кармалып, Кыргызстанга алып келинген. Ал «алдамчылык» беренеси боюнча айыпталып, камакта.

Бул тууралуу кеңенирээк маалымат НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.