УКМК ишкер Айеркен Саймаитиге кол салуу боюнча текшерүү баштады

2311

Түркияда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитиге кол салуу боюнча Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети текшерүү иштерин баштады.

Мекеменин маалыматына караганда, «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Клооп» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөдө кытайлык бизнесмен Айеркен Саймаити Кыргызстанда жүргөндө коркутууга кабылганы боюнча териштирүү жүргүзүлөт.

Эске салсак, дал ушул маалымат боюнча буга чейин Башкы прокуратура тарабынан «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алган. Учурда бул ишти иликтөө үчүн УКМКнын, ИИМдин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүлөрүнөн турган тергөө тобу түзүлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.