УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге издөө жарыялады

861

«Лейлек районунун Арка айылынын жанында сууну кечип, кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Хожент шаары аркылуу Москвага, андан ары АКШга учуп кеткен». Улуттук коопсуздук комитети Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге издөө жарыялады. УКМКнын маалыматына ылайык, Шадиев чет өлкөгө чыгуу үчүн өзүнүн дипломатиялык паспортун колдонгон.

Кечээ күнү Бишкектеги Биринчи май райондук соту мурдагы биринчи вице-премьерди УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу баш коргоо чарасын сыртынан кабыл алган болчу. Буга чейин Аскарбек Шадиев кайда экени расмий түрдө белгилүү болбой келген. Анын жардамчысы ал чет өлкөгө чыгып кеткенин айтса, укук коргоо органдары депутат чек араны кесип өтпөгөндүгүн билдиришкен.

Эске салсак, Аскарбек Шадиевге карата «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Буга быйыл жыл башында Жогорку Кеңештен Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык катары бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголгону себеп болгон.

Кечээ күнү Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, эгер Шадиев Кыргызстандын аймагынан чыгып кете турган болсо, мыйзамга ылайык ага кошумча айып тагыларын билдирген болчу.