УКМК: Тендер өткөрүүдө каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

204

Ош областык капиталдык курулуш башкармалыгы тендерлерди өткөрүүдө мыйзам бузганы аныкталып, кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Былтыр областтык курулуш башкармалыгы Кара-Суу районундагы Ачы жана Араван районундагы Кең-Сай айылдарындагы cоциалдык объектилерди куруу иштерин жүргүзүүдө ачык тендер болгон эмес.

Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуу менен бир катар келишимдерди түзүшкөн. Анын натыйжасында, буйрутманы аткаруучу ишканаларга 228 миллион сомдон ашуун каражат которулуп кеткен. Бул факты боюнча «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү» беренелеринин негизинде кылмыш-иши козголду.

comments powered by HyperComments