УКМК: киши уурдап, ал үчүн 100 миң доллар талап кылган топ колго түшүрүлдү

730

Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кишини уурдап кетип, ал үчүн 100 миң доллар талап кылган кылмыштуу топ колго түшүрүлгөнү кабарланды. Ишкерди барымтага алууну — анын мурдагы бизнес өнөктөшү уюштурганы белгилүү болгон. Ошондой эле, кылмышты уюштурган адам буга чейин соттолуп, кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо экени аныкталды.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 30 миң доллар алып жаткан учурда кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү колго түшүрүлгөн. Бул боюнча «адам уурдоо» жана «опузалап акча талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.