УКМК: Кубанычбек Кумашов коррупцияга шектелип кармалды

938

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Эске салсак, буга чейин УКМК Салык кызматындагы коррупциялык схеманын бетин ачкан. Анда жасалма документтердин негизинде өлкө бюджетинен 217 миллион сом чыгарылып кеткени аныкталган. Тактап айтканда, тиешелүү кызматкерлер кошумча нарк салыгын төлөгөн товар экспорттоочу ишканаларга мамлекеттик бюджеттин эсебинен мыйзамсыз түрдө каражат кайтарып берип турушкан.

Буга чейин бул кылмыш ишинин алкагында беш салык кызматкери жана 2 ишкананын жетекчилери камакка алынган. Ал эми шектүү катары кармалган Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов УКМКнын убактылуу кармоо жайына камалды. Тиешелүү кылмыш ишин тергөө улантылууда.