УКМК кызматкерлерин ташбараңга алган деген шек менен 3 адам камалды

751

Кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар-автоунаа жол» көзөмөл өткөрүү пунктунда УКМКнын тергөө иштерине тоскоолдук кылып, кызматкерлерди ташбараңга алган деген шек менен 3 жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29, 26 жана 23 жаштагы жаран Жазык кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде кармалып, эки айга камалды. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатыптыр.

Эске салсак, өткөн ишемби күнү «Чалдыбар-автоунаа жол» пунктунда белгисиз адамдар УКМКнын тергөө иштерине жолтоо болуп, кызматкерлерди ташбараңга алышкан. Ыкчам тергөө тобунун бир канча кызматкери ар кандай жеңил жарааттарды алышкан. Атайын кызматтын өкүлдөрү мыйзамсыз чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча тергөө иштерин жүргүзүш үчүн барганы айтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.