УКМК: Манас Арабаев коррупцияга аралашкан деген шек менен камалды

583

Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Ал УКМКнын тергөө абаганы отургузулду.

Маалыматка ылайык, Манас Арабаев коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө. Бирок ал кайсы ишке байланыштуу камакка алынганы боюнча так айтыла элек. Учурда бул боюнча тергөө иштери уланууда.

Манас Арабаев 2015-жылдан тарта 3 жыл бою президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген жана ал былтыр саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты деген жүйөө менен иштен алынган. Анын дарегине «соттук иштерге кийлигишет» деген сындар айтылып келген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.