УКМК: NEXT TV телеканалына кылмыш иши козголду (видео)

4495

Улуттук коопсуздук комитетинин алдында Next TV телеканалын колдогон митинг өттү. Анда чогулгандар телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиевди бошотууну, козголгон кылмыш ишин токтотууну жана эфири токтотулган каналдын ишин калыбына келтирүүнү талап кылышты.

Эске салсак, өткөн түндө Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиев 48 саатка камалган. Ал жетектеген телеканал «улуттар аралык кастыкты козутту» деп УКМК кылмыш ишин козгогон.