УКМК: Пара сунуштаган жарандардын иши боюнча толук маалымат берилбейт

764

Бажы кызматкерлерине ири суммадагы пара сунуштаган чет өлкөлүк жарандардын иши боюнча маалымат коомчулукка азырынча ачыкталбайт. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашкан.

Өткөн айда атайын кызмат бажычыларга 100 миң евро жана 139 миң доллар пара сунуштап, «товар Кыргызстандын аймагынан өттү» деген жалган документ алууга аракет кылган чет мамлекеттик жарандарды колго түшүргөнү айтылган. Бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн толук маалымат берилбейт экен.

Алар кайсы өлкөнүн тургундары, мыйзамсыз жол менен канча товарга документ жасатууну каалаганы азырынча белгисиз.