УКМК: Сапар Исаковдун мыйзамсыз иш-аракеттери бар экендиги далилденүүдө

823

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун башка иштер боюнча дагы мыйзам бузганы далилденип жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети тарабынан таратылган билдирүүдө айтылат.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоодогу коррупциялык иштерден тышкары, башка да мыйзам бузган учурлары иликтенип жатыптыр. Кайсы фактылар тууралуу сөз болуп жатканы ачыкталган жок.

Бирок башка долбоорлордо да Сапар Исаковдун мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы боюнча далилдер бар экени айтылат. Тергелип бүткөндөн кийин, башкы прокуратурага, андан ары сотко жөнөтүлөөрү гана кабарланды.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБдин модернациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталып, быйыл жайында камакка алынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.