УКМК сексуалдык азчылыкты колдогондорду текшереби? (видео)

582

Чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардын иши жана финансылык абалы көзөмөлдөнүшү керек. УКМКнын жетекчилиги коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү документке өзгөртүү киргизүү зарылдыгын билдирди. Мындай жол аркылуу Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн канча грант келип, ал кандай максатта колдонулуп жатканын билүүгө болот экен.

Бирок мындай мыйзам кабыл алуунун зарылчылыгы жок дегендер да бар. Ансыз деле азыр финансылык чалгындоо кызматынын бейөкмөт уюмдардын каражатын банк системасы аркылуу текшерүүгө укугу бар экен. Эскерте кетсек, коммерциялык эмес уюмдардын ишин тескөө демилгеси 3 жыл мурда парламенттте көтөрүлүп, бирок колдоо таппай калган.