УКМК: Сириядагы лагерлерде 500дөй кыргызстандык кармалып турат

605

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып, алардын өздүктөрүн тактоо иштери жүрүп жатыптыр.

Эске салсак, буга чейин Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн Эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатканы айтылган. Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн.

Маалыматтарга караганда, Иракта согуш тутанган аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 өспүрүм бала бар. Ошондой эле 2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.