УКМК: Сирияга барууга үгүттөгөн террордук топтун мүчөсү кармалды

864

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыздоо жана контртеррористтик иш-чараларды көрүү алкагында террордук топтун өкүлү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Маалыматтарга караганда, 24 жаштагы адам Сирияга барууга үгүттөгөн террордук уюмдун мүчөсү болгон. Ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде узак убакыттан бери жашап, Сириядагы согуш болуп жаткан аймактарга барууга адамдарды үгүттөп келген.

Ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.