УКМК: Тамекини мыйзамсыз ташыган факт аныкталды

810

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Mercedes Sprinter” маркасындагы автоунаанын айдоочусу токтотулуп, анын машинасын текшергенде 79 кутудан турган акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы тамеки блоктору табылган.

Товар Кыргызстандын жаранына таандык болгон. Ал 2017-жылы Бажы, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана Салык кызматтарынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Россия жана Казакстанга мыйзамсыз жолдор менен ташып, сатып турган. Ал эми шектүүнүн кампасын тинтүү учурунда акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы 5 миң куту тамеки табылган.

Алдын ала маалымат боюнча жалпы товарлардын баасы болжол менен 70 млн. сомду түзүп, жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 24 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калган. Учурда факт боюнча «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.