УКМК тартип сакчыларына «кыйноо» фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

8904

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелген адамды «кыйноо» фактысы боюнча тартип сакчыларына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.

Айтымында, кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы козгогон. Тиешелүү иш Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине «кыйноо» беренеси менен катталган. Азырынча бул маалыматты УКМКдан тактоо мүмкүн болбой жатат.

Эске салсак, быйыл май айында ырчы Мирбек Атабековдун апасынын Бишкектеги үйүн белгисиз бирөөлөр тоноп кетишкен. Анда 60 миң доллар жана зер буюмдар жоголгону айтылган. 3 айдан кийин милиция шектүү деп 24 жаштагы Медет Бейшековду кармашкан. Кармоо учурунда анын унаасынан далил болчу буюмдар табылганы белгиленген.

Бирок жактоочунун айтымында, шектүү үй тонолду делген күнү Каракол шаарында досунун тоюнда жүргөн. Аны тастыктаган бир топ күбөлөр жана видео тасмалар бар. Бирок аны күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн тартип сакчылары кыйнашкан, дейт жактоочу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.