УКМК тендер боюнча коррупциялык схема аныктады (видео)

720

Электрондук паспортко бланктарды даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталып, «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ишти УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы тергөөдө. Мунун алкагында тендер өткөргөн жана анын жыйынтыгына нааразы тараптын арызын караган комиссиялардын өкүлдөрү суракка чакырылып, үйлөрү тинтүүгө алынып жатканы белгилүү болду.

Тергөө учурунда тендерден утуп чыккан чет элдик компания менен Мамлекеттик каттоо кызматынын учурдагы жана мурдагы жетекчилери жең ичинен сүйлөшүп алганы аныкталган. Бул ишке тиешеси бар деп жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталса, алардын көпчүлүгү мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу адамдары.