УКМК: тергөө абагында орун жок (видео)

636

Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов 2 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Муну менен атайын кызматтын тергөө абагында ар кандай мыйзамсыз иштерге шектелип отурган жогорку кызматтагылардын саны 30га чукулдады. Алардын катарында мурдагы премьер-министрлерден тарта, экс-мэрлер да бар.

Акыркы учурда коррупцияга жана террорчулукка айыпталып камакка алынгандар көбөйгөндүктөн, УКМКнын тергөө абагында орун калбай калган. Мындан улам, атайын кызмат кылмышка шектүүлөрдүн айрымдарын №1 тергөө абагына которууну өтүндү. Бирок айыпталуучулар буга нааразы болуп чыгышты.