УКМК: террордук уюмга кирүүгө адамдарды үгүттөп жүргөн киши кармалды

2910

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өлкөдө тыюу салынган террордук уюмга кирүүгө адамдарды үгүттөп жүргөн киши кармалганын маалымдады.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, 5-февралда кармалган 35 жаштагы шектүү Кыргызстандан жана Борбор Азиядан Сириянын согуш жүрүп жаткан аймактарына жарандарды жиберүүгө катышкан.

Бул факт боюнча тергөө органдары «Жалданмачылык» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш жүргүзө баштады. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.