УКМК токтотулуп же кыскартылган иштерди кайрадан карап чыгууда

749

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча токтотулуп же кыскартылган иштерди кайрадан карап чыгууда. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 7 ай аралыгында эле 117 кылмыш ишин козгосо, анын 60ы коррупция багытында. Бул иштерден мамлекетке 1 миллиард 150 миллион сомдон ашуун чыгым келтирилип, анын болгону 95 миллиону гана өндүрүлгөн.

Бул иштер быйыл 8-февралдагы Коопсуздук кеңешиндеги президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүрүүдө. Анда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү күчөтүү тапшырмасын берген болчу. Кечээ жакында болсо жемкорлукка каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражаттарды топтоо үчүн атайын Бирдиктүү депозит ачылган болчу.