УКМК төрагасы Алина Шаиковага тиш кайрап калганбы? (видео)

854

Тендер боюнча акыркы камоолорду мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун жеке таарынычы менен байланыштырды. Анын айтымында, былтыр башкы чекист президенттин кеңешчиси Дастан Догоев экөөнү бейрасмий жолугушууга чакырып, паспортко бланк даярдоо боюнча чет элдик ишкерлерди сунуштайт.

Бирок Кадыркуловдун өтүнүчү четке кагылгандыктан, ал тиш кайрап калган, дейт Шаикова. Буга атайын кызмат жооп кайтарып, чындыгында эле былтыр расмий эмес жолугушуу болгонун тастыктады. Анда эмне тууралуу сөз болгон?