УКМК жана ИИМ Сыргак Кенжебаевдин кармалышы боюнча маалымат берди

7687

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевге карата 2 мекеме тарабынан кылмыш иши козголгону маалым болду. Бирөө УКМК тарабынан «алдамчылык» беренеси менен териштирилип жатса, «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «шалаакылык» беренелери боюнча ишти Ички иштер министрлиги тергеп жатат.

Сыргак Кенжебаевге карата Укук коргоо органдарына 2 башка адам арыз менен кайрылган. Алардын бирөө кытайлык жаран. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аларга чет элдик инвестор арыз менен кайрылып, 350 миң долларын алдап алган Сыргак Кенжебаевге карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Анда кытайлык жаран Кыргызстанга ири компаниянын өкүлү катары «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу жана инвестиция тартуу үчүн келгени аныкталды. Ал «Коопсуз шаар» долбоору боюнча сынакка даярдануунун жүрүшүндө Сыргак Кенжебаев менен таанышып, кылмышка шектүү инвестордун ишенимине кирип, 350 миң доллар алып, акчаны кайтарып берүүдөн баш тарткан.

Ошондой эле, кытайлык жарандан дагы 250 миң доллар талап кылганы боюнча далилдер табылды. Мындан улам, Кенжебаев Алматы шаарындагы аэропорттон колго түшүрүлүп, Бишкекке алып келингени айтылууда. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында камакта жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.