УКМК: Зилалиев декларацияда 889 миң долларын көрсөткөн эмес

656

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев мамлекеттик кызматта иштеп турган учурдан 2018-жылдын сентябрь айына чейин коммерциялык банкта 889 900 доллар сактап келген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Баштапкы тергөөнүн жыйынтыгына караганда Зилалиев банкта сактаган ири суммадагы каражатынын булагын декларацияда көрсөткөн эмес.

Атайын кызматтын билдиргени боюнча, 2011-жылдан 2016-жылга чейин Зилалиевдин киреше-чыгашасы, байлыгы декларацияда 2 млн. 541 миң 527 сом деп көрсөтүлгөн. Ал эми анын аялы ушул жылдары 408 миң сом киреше тапкан. Ошондой эле Зилалиев кыймылсыз мүлкүн (жер үй, батир, жер участкалары) декларациядан жашыруу үчүн туугандарына жана компанияларга каттатканы айтылат.

Мындан сырткары 2017-жылы 17-апрелине чейин шектүүнүн туугандарына катталган Бишкектин борборунда эки кеңсе болгон. Алардын баасы 34 млн. жана 19 млн. сомду түзгөн. Зилалиев мамлекеттик геология агенттигин жетектеп турганда жумушу жок тууганына кен чыккан аймактарга бир нече лицензия берген деп айыпталууда.

9-декабрь күнү мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10 беренеси “мыйзамсыз баюу” боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган. Сот имаратынан чыгып баратканда Дүйшөнбек Зилалиев журналисттерге «мүлкүмдү жашырган эмесмин, документтер менен жакында таанышасыңар» — деп айткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.