УКМКны депутаттар көзөмөлдөйбү? (видео)

738

Улуттук коопсуздук комитетин Жогорку Кеңеш дагы көзөмөлдөшү керек. Мындай демилге менен айрым депутаттар чыгышууда. Алар бул үчүн парламентте атайын туруктуу комитет түзүү ниетинде. Бирок атайын кызматтын ардагерлери эл өкүлдөрүнүн бул сунушуна караманча каршы. Алар мындай болгон күндө депутаттар абдан маанилүү жашыруун маалыматтарга ээ болуп калат дешет. Парламент мүчөлөрүнүн арасында башка өлкөнүн жараны болгондор чыгууда, бул өлкөнүн коопсуздугу үчүн өтө коркунучтуу, дешет эксперттер.