УКМКнын 2 кызматкерин террордук топтун мүчөлөрү бычактап кетишти

776

Ош областынын Ноокат районунда Улуттук коопсуздук комитетинин 2 кызматкерин террордук топтун мүчөлөрү бычактап кетишти. УКМК кабарлагандай, окуя кечээ кечинде борбордук базардын жанында болгон.

Эл аралык террордук топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча жүргүзүлүп жаткан операцияда кызматкерлерге бычак урулган. Атайын кызматтын эки өкүлү түндө оор абалда бейтапканага жеткирилген. Экөө тең көкүрөккө бычак жеп, биринин өпкөсү жабыркаган. Жарадарларга чукул түрдө операция жасалып, учурда алардын абалы канааттандырарлык боло баштады.

Бул факт боюнча Ноокат райондук Ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Ал эми террордук топтун мүчөлөрүнүн тек-жайлары аныкталып, учурда аймакта аларды кармоо боюнча иштер жүрүп жатат.