УККнын экс-төрагасы Мурат Суталинов №47 колониядан онкологияга которулду

795

Кыйноолорду алдын-алуу улуттук борборунун директорунун айтымында, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчисинин оорусу күчөп кеткен. Ал бөйрөгүнөн рак экени айтылууда.

Мурат Суталиновго мындай диагноз 7 жыл мурда эле коюлуп, ал ушул кезге чейин химиотерапиядан өтүп келген. Акыркы кезде, оорусу күчөй баштагандыктан, онкологияга которулган.

Суталинов жазасын №47 колониясында өтөп жаткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.