УКМКнын кызматкери тапанча менен коркутту деген жаран арызынан баш тартты

1129

Бишкектеги кафелердин биринде УКМКнын кызматкери тапанча менен коркутту деп тартип сакчыларына кайрылган жаран арызынан баш тартты. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

15-ноябрь күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына 23 жаштагы жаран кайрылып, кафелердин биринде өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган киши тапанча менен коркутуп, денесине жаракаттарды келтиргенин айткан. Бирок 4 күндөн кийин кайра тосмо арыз жазып, эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Ошондой эле, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Тартип сакчылары 4 күн бою экспертиза жүргүзбөй, эмнени күтүп жүргөн деген суроо туулат. Азыркыга чейин кафеде ызы чуу салган адам ким экени белгисиз.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.