УКМКнын машыгуулары: барымтага алынгандар куткарылды (видео)

3398

Бишкекте куралчан 4 адам жылуулук электр борборунун 3 кызматкерин барымтага алды. Аларды куткаруу боюнча атайын антитеррордук операция даярдалып, кылмышкерлерди колго түшүрүү сценарийинин негизинде УКМКнын, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, саламаттыкты сактоо министрликтеринин жана жазаларды аткаруу мекемесинин кызматкерлеринин катышуусунда машыгуу өткөрүлдү.

Барымтага алынган жарандарды куткарып, сүйлөшүүгө барбаган террорчуларды кармоо операциясында тик учак жана сооттолгон техника колдонулду.