УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов эркиндикке чыкты

777

Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды. Суталиновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча иш каралып жатканда аны эркиндикке чыгаруу талабы менен тарапташтары пикет өткөрүп жатышкан.

Жактоочулар Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Мурат Суталиновду эркиндикке кое берүүнү суранышты. Адвокаттарды жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү да колдошту. Мындан улам, фемида өкүлдөрү Мурат Суталиновду ден-соолугуна байланыштуу абактан бошотуу чечимин кабыл алып, ал сот залынан кое берилди.

Эске салсак, Мурат Суталиновдун ден-соолугу начарлап кеткенине байланыштуу аны абактан чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келген. Буга чейин Ленин райондук соту Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тарткан. Мурдагы аткаминерди абактан чыгарууга анын бөйрөктүн 4-даражадагы рак оорусу менен жабыркап жатканы түрткү болгон. Ал апрель окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.