УКМКнын мурдагы төрагасына издөө жарыяланды (видео)

1576

Алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу издөөгө алынган УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевдин иши боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. Адвокат Канат Хасановдун өздүк булактары берген маалыматка таянсак, зер буюмдар Түркиядан келип, Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга жөнөтүлүп турган.

Мыйзамсыз жол менен Түркиядан ташылып келген зер буюмдардын жалпы көлөмү 200 килограммга чейин жетиши мүмкүн экени айтылууда. УКМК болсо, 2017-жылдагы жетекчилиги бул факт боюнча текшерүүнү токтотууга мыйзамсыз буйрук берип, конфискацияланган зер буюмдарды ээсине кайтарткан деген маалымат таратты.