УКМКнын операциясында 5 салыкчы кармалды (видео)

735

Коррупцияга каршы күрөш боюнча иш ордунан жылдыбы? Эки жылдан бери мамлекеттин каражатын уурдап келген салыкчылар камакка алынды. 7 киши келтирген зыян 217 миллион сом деп эсептелди. Бирок эксперттердин айтымында, чыгым мындан дагы көп болушу мүмкүн. Анткени мындай коррупциялык схема кошумча нарк салыгын кайтарып берүү процедурасы ишке киргенден бери эле пайда болгон. Бирок буга чейин ачыкка чыкпай келген. Жалган документ жасап бюджеттик каражатты уурдагандар.