Уколдон кийин каза болгон кыздын өлүмүнө ким күнөөлүү? (видео)

675

Бишкектеги бейтапканада укол алгандан кийин каза болгон 16 жашар кыздын өлүмүнө ким күнөөлүү? Бул окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлиги жана медицина борборунда 2 комиссия түзүлдү. Алдын-ала маалыматтар боюнча өспүрүмгө ийне сайылгандан кийин ал анафилактикалык шокко кабылган.
Демек, препараттардын биринин курамында анын организмине жакпаган заттар болушу мүмкүн. Мындан улам, реакция жүрүп кеткен деген маалыматтар бар. Бирок ал күнү өспүрүмгө 3 дары сайылгандыктан, анын кайсынысы кыздын өлүмүнө себепкер болгону азырынча тактала элек. Бул жерде дарыгердин күнөөсү барбы же жокпу укук коргоо органдары жүргүзгөн тергөө ишинен кийин белгилүү болот.