Украина прокуратурасы ок-дары кампасындагы жарылуу боюнча иш козгоду

793

Украина Аскер прокуратурасы Черниговск облусунагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуу боюнча “аскер кызматына шалаакылык мамиле жасоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Күнөөлүүлөр беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

Украина Куралдуу Күчтөр Башкы штабынан билдиргендей, Чернигов облусундагы аскер кампасындагы жарылуудан жабыр тарткандар жок.

700 гектардай аянтта жайгашкан кампада жарылуулар жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн таңкы саат 3:30тарда башталган. Мындан улам бийлик өкүлдөрү 30 чакырым радиустагы аба мейкиндигин, темир жолдорду жана автоунаа жолдорун убактылуу жабышты. Кампанын айланасындагы айылдардан 10 миңдей киши эвакуацияланды. Маалыматтарга караганда, кампада 88 миң тонна ок-дары болгон.

Буга чейин былтыр март айында да Харьков шаарынын жанындагы ок-дары кампасындагы жарылуу менен өрттөн 20 миңдей киши эвакуацияланган. Андан мурда, 2017-жылдын сентябрында Винница деген шаарда аскердик кампа жарылып, 30 миңдей киши көчүрүлгөн.

Бул окуялардан кийин өкмөт ок-дары сакталган объектилердин коопсуздугун камсыздоого 100 миллион гривен бөлгөн.