Украина Саакашвилиге качкын макамын берген жок

730

Киевдин соту мурдагы грузин президенти, Украинадагы «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидери Михаил Саакашвилинин саясий башпаанек берүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.

Анын адвокаттарынын айтымында, эми Саакашвилини Грузияга экстрадициялоого жол ачылышы мүмкүн. Алар Киев сотунун дүйшөмбүдөгү өкүмүн жокко чыгаруу талабы менен Конституциялык сотко арызданышарын билдиришти.

Былтыр июль айында Украинанын президенти Петро Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан ажыраткан. «Буга Одесса облусунун мурдагы губернаторунун 2015-жылы жарандык алыш үчүн жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду» деп кабарланган. Сентябрь айында Саакашвили Украинанын Миграция кызматына кайрылып, качкын макамын берүүнү өтүнгөн.

Январь айынын башында Тбилисинин соту Саакашвилиге биринчи жолу өкүм чыгарып, аны 12 жыл мурда грузин банкиринин өлүмүнө байланыштуу үч жылга сыртынан абакка кескен. Саакашвили Украина менен Грузиянын бийлиги аны куугунтуктап жатканын айтып жүрөт.