Украина Улуттук гвардиясы: жекшембидеги кагылышууда 60 аскер жаракат алган

776

18-декабрда Украинанын Улуттук гвардиясы жекшембиде “Октябрь сарайы” концерттик үйүнүн алдындагы кагылышууда 60 аскер  жабыр тартканын, алардын ичинен 16 кызматкер ооруканага жаткырылганын билдирди.

Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 45 киши кызматтык милдеттерин аткарууну улантышкан, 15и ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 13ү газга ууланган, бирөө бетинен, дагы бирөө башынан жаракат алган.

Демонстранттар бул имаратка азыр Украинада оппозиция лидерине айланган мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвили өз кеңсесин ушул жерде жайгаштырарын айткан соң кирмек болушкан. Бирок полициянын жана Улуттук гвардиянын күчтөрү ага жолтоо болушту.

Полиция «Октябрь сарайы» концерттик үйүнүн сыртындагы кагылыш боюнча «коомдук имаратты басып алуу аракети», «укук коргоо кызматкерлерин коркутуу, алардын ишине тоскоолдук кылуу» деген негизде кылмыш иши козголгонун да маалымдады.

Саакашвили болсо жекшембидеги кагылышууну “президент Порошенконун оюну жана чагымы” деп мүнөздөп, ал «Октябрь сарайынан» болгону эки гана бөлмөнү ижарага алууну көздөгөнүн белгиледи.

Украинанын Улуттук полициясынын башчысы Сергей Князев жекшемби күнү кечинде “Октябрь сарайындагы” чабуул учурунда балдар концерти өтүп жатканын билдирди. Саакашвили бүгүн көрсөтмө берүү үчүн Украинанын Башкы прокуратурасына чакыртылды.