Украинада нааразычылык акцияларынын толкуну башталды

765

Кечээ күнү саясий реформаны талап кылып митингге чыккандар Жогорку Раданын алдына барып, президент Петро Порошенкодон импичмент жөнүндө мыйзам долбоорун парламентке киргизүүнү талап кылышты.

Полиция активисттерге сахнага радиожабдыктарды алып чыгуусуна тыюу салып, мунун айынан нааразы тарап менен тартип сакчыларынын ортосунда тирешүү болду. Жогорку Раданын алдына чатыр тигип, жашап жаткандардын саны көбөйүүдө.

Каршылык акциясына чыккандарга Грузиянын экс-президенти жана Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили да кошулду. Ал буга чейин 70 күн ичинде «Украинаны сактап калуу планын» жарыялаган болчу.

Эске салсак, саясий реформаларды талап кылган акцияларга 1 апта болуп калды.