Украинадан чыгарылган Саакашвили Варшавага учуп барды

619

12-февралда Киевде кармалып, Польшага депортацияланган оппозициялык «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидери Михаил Саакашвили Варшавага барды.

УНИАН агенттиги өз булактарына таянуу менен саясатчы депортацияланбаганын, болгону мыйзамсыз келген жерине кайра жөнөтүлгөнүн жазды.

Буга чейин Саакашвилини дүйшөмбү күнү ресторанда отурган жеринен беткапчан адамдар кармап, кичи автобус менен алып кеткени кабарланган.

Азырынча саясатчыны ким кармап кеткендиги белгисиз. Украинанын Коопсуздук кызматы мекеменин окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Свобода радиосунун Киевдеги кабарчысы өз булактарына таянуу менен Михаил Саакашвили Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан кармалганын айтууда.

Сааашвилинин кармалгандыгы тууралуу «Украинская правда» гезитине «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидерлеринин бири Юрий Деревянко билдирген. Анын айтымында, белгисиз адамдар саясатчыны Киевдеги «Сулугуни» ресторанынан кармап кетишкен. Басылманын маалыматы боюнча, Саакашвилини кармаган адамдар «Мамлекеттик чек ара кызматы» деген жазуучу бар кийимчен болушкан.

Өткөн жылы Украинанын президенти Петр Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан ажыраткан. Буга мурдагы грузин президенти ага карата Грузияда кылмыш иши козголгондугу тууралуу кабарлабагандыгы себеп болгону маалымдалган. Саакашвили качкын макамын сурап өлкөнүн миграция кызматына кайрылган. Киев саясатчыны Украин жарандыгынан ажыратылгандан кийин кошумча коргоого муктаж адам деп табуудан баш тарткан.

Быйыл январда Тблиси соту Саакашвилини Грузиянын президенти болуп турганда кызмат абалын кыянат пайдаланган деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. 5-февралда «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидерине Украинада качкын макамын берүүдөн дагы бир жолу баш тартышкан. Саясатчы анда украин бийлиги аны өлкөдөн чыгаруу үчүн формалдуу негиз болсун үчүн ишти кароону атайылап тездетип жатканын билдирген.